Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл жайлары кадимки тартипте иштеп жатат

Жазылуу
Буга чейин чек арадагы талаш аймакка кирип келген өзбек милиция кызматкерлери кечээ чыгарылды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бүгүнтөдөн тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштей баштаганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Задержанный сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо сотрудник станции Кербен-24 Нурбек Усупбаев с сыном после освобождения - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоо: мекенине кайткан КР жарандары окуянын чоо-жайын айтып беришти
Эскерте кетсек, 22-августта талаш жараткан чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизип, аларды эки жумадан алар кое беришкен. Бара-бара Үңкүр-Тоодогу өзбек милициясынын саны 20 адамга жеткен эле. Мындан улам, чек арадагы өткөрүү пункттарында жарандардын ары-бери өтүүсүнө чектөө киргизилген.

Кечээ, 18-сентябрь күнү кечинде Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин алып кеткен

КРдин чек арачылары учурда мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууну улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0