Үңкүр-Тоодогу өзбек милиция кызматкерлери аймактан чыгып кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековГора Унгар-Тоо на границе Кыргызстана и Узбекистана
Гора Унгар-Тоо на границе Кыргызстана и Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кадам эки тараптуу сйлөшүүлөрдөн соң гана ишке ашып, учурда Үңкүр-Тоону кыргыз чек арачылары кайтарууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Аксынын Кербен шаарында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу өзбек милиция кызматкерлери аймактан чыгып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди. 

Аталган кадам эки тараптуу сйлөшүүлөрдөн соң гана ишке ашты. 

Белгилей кетсек, 22-августта талаш жараткан чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жеткен эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0