Кыргызпатент "Пираттыкка жол жок — 2016" акциясын өткөрөт

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүПираттык дисктерди жок кылуу. Архив
Пираттык дисктерди жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 22-сентябрь күнү "Манас" кинотеатрынын аймагында саат 15:00дө башталат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы "Пираттыкка жол жок — 2016" акциясын 22-сентябрда өткөрө тургандыгын кабарлады. 

Билдирмеге караганда акциянын негизги максаты интеллектуалдык менчиктин маани-маңызын коомчулукка жеткирүү болуп эсептелет. 

"Акцияда флешмоб уюштурулуп, иш-чара белгилүү ата мекендик ырчылардын коштоосунда өтөт. Көрүүчүлөр атайын оюндарга активдүү катышып белектерди утса болот", — деп айтылат маалыматта. 

Иш-чара 22-сентябрь күнү "Манас" кинотеатрынын аймагында саат 15:00дө башталат. Кирүү акысы бекер.

Жаңылыктар түрмөгү
0