Окумуштуулар нике эркектердин ден соолугуна кандай таасир этерин изилдеп чыкты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүҮйлөнгөндөр. Архив
Үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Никеси бар эркектердин денесиндеги майлардын өлчөмү 18,9 килограммды түзсө, бойдоктордогу бул көрсөткүч 23,5 килограммга барабар болгон.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Йокогама шаардык университетинин окумуштуулары байкоолорунун жыйынтыгы менен нике эркектердин ден соолугуна жакшы таасир этет деген жыйынтыкка келишкен. Бул тууралуу РИА Новости The Daily Mail гезитинин берген маалыматына таянып жазып чыкты. 

Кол кармашкан жубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Изилдөөчүлөр бактылуу никенин дагы бир сырын ачты
Япониялык медиктердин маалыматына ылайык, үйлөнгөн эркектер бойдокторго караганда ашыкча салмактан эки эсе аз жабыркап, бул ооруга байланыштуу илдеттерге эки эсе аз кабылышат. Ошондой эле никеге турган эркектерде метаболикалык синдром (ашыкча май, салмактын пайда болушу) аз кездешет. Ал эми аялдарга мунун эч тиешеси жок. Медиктер экинчи баскычтагы кант диабети бар 270 адамды байкоого алышкан. Алардын ичинен токсону— бойдок, калган 180и үй-бүлөлүү адамдар болгон.

Дарыгерлер байкоого алынган эркектердин денесиндеги майлардын өлчөмүн текшеришкен. Жыйынтыгында үй-бүлөлүү эркектер бойдокторго караганда ашыкча салмактан эки эсе аз жабыркары белгилүү болгон. Никеси бар эркектердин денесиндеги майлардын өлчөмү 18,9 килограммды түзсө, бойдоктордогу бул көрсөткүч 23,5 килограммга барабар болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0