09:52 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
АКШ президенти Барак Обама. аРХИВ

Обама: Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын лидери

© Sputnik / Алексей Витвицкий
Коом
Кыскача шилтеме алуу
290 0 0

17-сентябрда Кыргызстандын жетекчиси 60 жашка толду.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

"Америка элинин атынан сиздин 60 жылдык туулган күнүңүзгө карата менин чын дилден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиздин элди өнүгүүгө багыттаган демократияны чыңдоого болгон аракетиңизди абдан баалайм. Борбор Азиядагы сиздин демократиялык лидерлик ордуңуз аны ырастайт. 25 жылдын ичинде Кыргызстан жана АКШ абдан бекем мамилелерди түзө алды жана мен бул кызматташуу мындан ары дагы өнүгөт деген ишеничтемин", — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 60 жашка толду.

Тема боюнча

Путин Атамбаевди куттуктады: Сиздин чет өлкөдө чоң кадыр баркыңыз бар
Туулган күнгө белек: Путин Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады
Белгилер:
куттуктоо, Барак Обама, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ