Путин Атамбаевди куттуктады: Сиздин чет өлкөдө чоң кадыр баркыңыз бар

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү 17-сентябрь туулган күнү менен куттуктады.
Россиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү 17-сентябрь туулган күнү менен куттуктады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти КР өлкө башчысын эки өлкөнүн мамилесинин өнүгүшүнө кошкон салымы зор экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү 17-сентябрь туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

"Чын дилимден куттуктоону кабыл алыңыз. Сиздин жетекчилик астында Кыргызстан туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатат. Сиз өз мекениӊизде да, чет жакта да жогорку кадыр-баркка ээсиз", — деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.

Россиянын президенти ошондой эле эки өлкө ортосундагы стратегиялык шериктештиктин жана союздук мамилелердин бардык комплексинин бекемделишине жана Евразия мейкиндигиндеги эки тарапка пайдалуу интеграциялык процесстерди тереӊдетүүгө Атамбаевдин салымы зор экенин белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0