Сүлүктүдөгү мектеп-интернатын оңдоо иштерине 13 млн. сомдук каражат жумшалат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМектепте оңдоо иштери. Архив
Мектепте оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 16-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 7-октябрда аяктайт.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестиция, ремонт жана материалдык-техникалык камсыздоо департаменти Баткендеги Сүлүктү шаарында жайгашкан мектеп-интернатын оңдоо иштерин аткарууга тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда департамент оңдоо иштерине 13 миллион 588 миң 258 сом жумшоого даяр. 

Тендер 16-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 7-октябрда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0