Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путинди Эл аралык "Манас" аэропортунан КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышат.

КМШ өлкө башчылары үчүн тигилген боз үй. Ала-Арча резиденциясынан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкө башчылары үчүн "тигилген боз үй". "Ала-Арча" резиденциясынан алынган кадрлар
Белгилей кетсек, буга чейин Белоруссия президенти Александр Лукашенко, казак президенти Нурсултан Назарбаев, Молдванын премьер-министри Павел Филип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, тажик президенти Эмомали Рахмон жана Армениянын президенти Серж Саргсян, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келишкен.

16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт. Бул иш чарага Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин КР ТИМи тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0