Кыргыз-орус мамилелеринин 100 жылдыгын чагылдырган көргөзмө ачылат

Жазылуу
Аталган көргөзмөгө коюлуучу документтер Россиянын федералдык архив агенттиги тарабынан даярдалган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук китепканада "Россия жана Кыргызстан 1916-2016: түптүү тарых" көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу "Евразиялыктар — жаңы толкун" коомдук фондусу билдирди. 

Россиянын федералдык архив агенттиги тарабынан даярдалган экспозициянын көргөзмөсү 17-сентябрь күнү саат 16:00дө ачылат. 

"Эки өлкөнүн тарыхын, маданиятын, экономикасын жана мамилелерин чагылдырган 300дөн ашуун документтер коюлат. Өзгөчө басым Үркүндүн 100 жылдыгына жасалган", — деп айтылат маалыматта. 

Көргөзмөдө Улуу Ата Мекендик согушта эрдик кылган кыргыз жана орус баатырларына арналган атайын бөлүк болот. 

Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0