КРдин Тышкы иштер министри: КМШ бардык сыноолорго туруштук берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында КМШ министрлеринин жыйыны.
Бишкек шаарында КМШ министрлеринин жыйыны. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрлан Абдылдаев ушул жылы КМШ деңгээлинде бир топ иш-чаралар уюштурулганын, мындан ары да өтө берерин кошумчалады.

БИШКЕК, 16–сен. — Sputnik. КМШ бардык сыноолорго туруштук бере алды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн түшкө чейин Бишкек шаарында КМШ министрлеринин жыйыны өтүп, анда саммиттин күн тартиби бекитилди. 

"Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн кызматташуусунун бекемделишин колдойт. Уюм бардык сыноолорду жеңип, заман талабы экенин далилдей алды", — деди Абдылдаев. 

Ал ушул жылы КМШ деңгээлинде бир топ иш-чаралар уюштурулганын, мындан ары да өтө берерин кошумчалады. 

КМШ лидерлеринин саммити "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0