Путин Атамбаевдин туулган күнүнө карата баалуу белек тапшырат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президентинин жардамчысы бир нече белектер бардыгын, анын бири — мамлекеттик багыт менен каралгандыгын билдирди.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 17-сентябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен анын 60 жылдык юбилейине карата эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул туурасында РИА Новостиге Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. 

Путин бүгүн Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн жыйына катышуу үчүн учуп келет. 

"17-сентябрь күнү эртең менентен тарта биздин президенттин Атамбаев менен жолугушуусу башталат. Атамбаевдин 60 жылдык юбилейи, тагыраагы, иш-чаралар каралган",— деп айтты ал.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: саммиттен кийин КМШ делегация башчыларын сюрприз күтүп турат
Атамбаевге бериле турган белек туурасында "бир нече белектер бар, анын бири — мамлекеттик багыт менен каралган", — деп кошумчалады ал.

Башкы тема соода-экономикалык кызматташуу болуп, анын ичинде 12-августтан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мүчөлүк талкууланмакчы. 

Ал эки президент Кыргызстандын ЕАЭБдин нормаларына ыңгайлашуусундагы Россиянын көрсөтө турган колдоосун сүйлөшө турганын белгиледи. 

Ушаковдун аткандарына караганда, жолугушуудан кийин 1926-жылдагы Үркүндүн курмандыктарына тургузулган мемориалга гүл коюлат. 

"Мындан соң Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигине гүл чамбар коюлуп, андан кийин Атамбаевдин 60 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болот", — деди Ушаков.

Буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков саммиттен кийин КМШ делегация башчыларын сюрприз күтүп турарын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0