Сарпашев: Ибраимова 2,7 гектар жерди Атамбаевге 33 миллион сомго саткан

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси аталган жер тилкеси буга чейин колдон колго өтүп келгенин белгиледи.
Тайырбек Сарпашев: Атамбаев 2,7 гектар жерди 33 миллион сомго сатып алган

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 2015-жылы мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова 2,7 гектар жерди өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатканын "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди. 

Белгилей кетсек, аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 15-сентябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, анда Атамбаев Кой-Таштагы Максим Бакиевдин улутташтырылбай калган жерине үй салып жатканын билдирген.

Сарпашев бул жерлер бир канча кишиге өтүп келгенин айтты. 

"Анарбек Укуев аттуу жаран 2012-жылдын 11-апрелинде "Дастан" заводунан келишим менен 2,4 гектарды 22 миллион 537 миң 900 сомго сатып алган. 2015-жылдын 19-мартында Укуев Ибраимовага 2,4 гектар жерди 24 миллион сомго саткан. Ибраимова Табалдиев деген жарандан дагы 30 сотых жер сатып алган. 2015-жылы 7-майда Ибраимова Мамкаттоого кайрылып 30 сотых жер менен 2,4 гектар жерди кошуп туруп бир китеп алган. Ошентип жердин аянты 2,7 гектарга чыккан", — деди Сарпашев.

Текебаев жер боюнча Сарпашев үстүртөн гана маалымат бергенин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0