Москвадагы өрттөн көз жумгандарга арналып Бишкекте аллея ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС КР выгружают тела кыргызстанок, погибших в пожаре в Москве, доставленные спецрейсом
Сотрудники МЧС КР выгружают тела кыргызстанок, погибших в пожаре в Москве, доставленные спецрейсом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгеге чет жакта жүргөн кыргызстандыктар да кошулуп, кайрылууга 561 шаар тургуну кол койгон.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин Бакаев менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде Москвадагы өрттөн каза болгондордун элесине арналып аллея ачылып, ага бак отургузула турганын мэрия билдирди.

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу Бишкекте арабыздан эрте кеткен кыз-келиндерге арналган аллея ачуу демилгеси көтөрүлгөн.

"Мэр Албек Ибраимов шаардыктардын демилгесин колдоп, муниципалдык кызматтарга аймак бөлүп берип, бак отургузуу жаатында жардам берүүнү тапшырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул демилгеге чет жакта жүргөн кыргызстандыктар да кошулган. Кайрылууга 561 шаар тургуну кол койгон.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0