Иззат Артыковго 5 млн. сомдук белек ыйгарылат

© AFP / GOH Chai HinКыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков. Архив
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иззат Артыков үч күн мурун кыздуу болуп кубанычына чек жок болуп турса, эми ага чоң белек дагы ыйгарылмай болду.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Оор атлетчи Иззат Артыковго 19-сентябрда атайын белек тапшырыла тургандыгын "Аю" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

© Sputnik / Табылды КадырбековИззат Артыковдун жубайы Айгерим
Супруга Иззата Артыкова Айгерим - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыковдун жубайы Айгерим

Түлөбаев эмне белек экени азырынча сыр бойдон калтырууну туура көрүп жаткандыгын айтты. 

"Абдан чоң белек ыйгарылат. Ал эмне экени азырынча сюрприз болуп турсун. Четин чыгарайын, белектин баасы беш миллион сомго жакын", — деп билдирди Түлөбаев. 

Ал билдиргендей белек 19-сентябрда саат 11.30да тапшырылат. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Иззаттын өзү менен байланышканда ал бул тууралуу азырынча уга электигин айтты.

"Мага эч ким чала элек. Эмне белек экени мага да кызык болуп жатат. Эгер чындык болсо абдан кубанычтамын", — деди Артыков.

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
Белгилей кетсек, оор атлетчи үч күн мурун 11-сентябрда кыздуу болду. Ал өзү билдиргендей кызына Баяна деген ысымды ыйгарышкан. 

Эске салсак, жайкы Олимпиададан Кыргызстандан барган спортчулардын ичинен жалгыз оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алган. Бирок WADA канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген кине менен аны байгесинен ажыратып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0