Кыргызстандыктар өлкөнүн гимнин 4 миң метр бийиктикте аткарышты

Жазылуу
Балдар июлда чогулуп капысынан эле тоого чыгып келүү боюнча бир пикирге келишкен.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Чокуга чыгабыз" деген жаратылышта эс алууну жактыргандардын тобу 4240 метр бийиктиктеги Бокс чокусуна чыгышканын экстремалды жакшы көргөн Азиза Мурзашова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, Ала-Арча капчыгайындагы чокуга алар 11-сентябрда чыгып, ал жактан Кыргызстандын гимнин аткарышкан. Мурзашова тоого чыгып, жаратылыш койнунда эс алууну каалагандардын чакан тобу капысынан эле уюшуп калганын белгиледи.

Биринчи жолу алар 11-июлда Мугалим чокусуна чыгышкан, августта Комсомол чокусун багындырышкан. Топто 20 киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0