Сапар Исаков: саммиттен кийин КМШ делегация башчыларын сюрприз күтүп турат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезиденттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Архив
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Мындан тышкары, расмий кабыл алуу пландалып жатат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. КМШ өлкө башчыларынын жолугушуусу кандайча өтө турганы тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков айтып берди. 

Саммит 16-сентябрда Бишкекте өтөт. 

Анын айтымына караганда иш-чаранын жүрүшүндө "шумдуктуудай" деле нерселер болбойт. 

"Алгач КМШ өлкө башчылары менен Молдова, Өзбекстан, Түркмөнстан делегация жетекчилеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өткөрүлөт. Андан кийин кеңейтилген форматтагы жыйын башталат. Жыйындын бүтүшү менен КМШнын аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев маалымат жыйынын өткөрөт. Андан кийин саммиттин расмий кабыл алуусу башталат", — деп билдирди Исаков. 

Ал белгилегендей, 17-сентябрда президенттердин бейрасмий жолугушуусу өткөрүлгөндөн кийин сюрприз катары бир иш-чара күтүп турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0