Бишкек — Ош жолунан каза болгон үй-бүлөнүн төрт баласынын экөө аман калды

© Фото / пресс-служба МЧСБишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып кеткен Toyota Estima
Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып кеткен Toyota Estima - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаада милиция кызматкери жубайы жана төрт баласы менен келе жаткан. Өзү, үч айлык кызы, тогуз жашар баласы жана жубайы кырсык болгон жерден мерт кеткен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жол кырсыктын айынан үй-бүлөсү менен мерт кеткен милиция кызматкеринин эки баласы тирүү калгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

Эске салсак, кечээ Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima машинасы кагышып, беш киши каза болгон. Унаанын ичинде жалпы 12 жүргүнчү келе жаткан. Тирүү калган жетөө ооруканага жеткирилген.

Ашырбаевдин айтымында, милиция кызматкери жумушунан бир күнгө уруксат алып кеткен экен. 

"Учурда ушул трасса аркылуу кайсы жакты көздөй багыт алганы такталып жатат. Жетекчисинен жакын туугандарынын жылдыгына барам деп бир күнгө уруксат сураган экен", — деп билдирди Ашырбаев.

Ал билдиргендей унаада милиция кызматкеринин жубайы жана төрт баласы болгон. Өзү, үч айлык кызы, тогуз жашар баласы жана жубайы кырсык болгон жерден мерт кеткен. 

"Ал эми 10 жана 3 жаштагы эки баласы аман калып, учурда ооруканада жатат. Абалдары туруктуу", — деп ырастады Ашырбаев. 

Белгилүү болгондой, милиция кызматкери Алай районунун тургуну. Ал кызматына байланыштуу 2015-жылы Кара-Сууга көчүп келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0