Москвадагы өрт: каза болгондордун жакындарына 1 млн. рублдан төлөө талап кылынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы басмаканадан өрттөнгөндөрдүн жакындары. Архив
Москвадагы басмаканадан өрттөнгөндөрдүн жакындары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов басмакананын директору каза болгондордун жакындарына 300 миң рублдан төлөп берүү сунушун айтканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Москвадагы басмаканадан өрттөнгөндөрдүн жакындарына 1 миллион сомдон компенсация төлөтүү талап кылынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште миграция тууралуу мыйзам долбоору каралып, анда аталган жааттагы абал таркууланууда. 

"Биз өрттөнгөн басмакананын директору Сергей Москвиндин адвокаты Елена Звездина менен кезигип, компенсация төлөө маселесин талкууладык. Алар каза болгондордун жакындарына 300 миң рубль төлөр берүүнү сунушташты. Биз ага көнбөй, 1 миллион рубль төлөп берүү талабын койдук. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Адылов. 

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 17 киши каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталып, дагы үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0