Россия КРдеги жакырчылыкты азайтуу боюнча программаны 2022-жылга чейин каржылайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДордой базарында иштеген адам. Архив
Дордой базарында иштеген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда азык-түлүк товарларын коомдук эмгекке алмаштыруучу долбоор ишке ашканы турат.

БИШКЕК, 13- сен — Sputnik. Россия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча программаны 2022-жылга чейин каржылайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.

Пенсия алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан, Россия жана БУУ беш жылдык ири соцпрограмма даярдап жатат
Анын маалыматына ылайык, акыркы үч жылда аталган министрлик жана Дүйнөлүк азык- түлүк программасы тарабынан аялуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча программа ишке ашырылып жатат. Долбоорго 16 миллион доллар бөлүнгөн, бирок ал 2018-жылга чейин узартылгандыктан, жалпы каражат 24 миллион долларга жетмекчи. Каражатты Россия бөлүп берүүдө.

"Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2008-жылдан баштап гуманитардык жардам көрсөтүлүп келген. Бирок эл буга көнүп алгандыктан, 2014-жылдан баштап, азык-түлүк үчүн коомдук пайдалуу иштерди аткарып берүү саамалыгы киргизилди. Бул программага 220 миң адам катышат, ал эми долбоордкн мөөнөтү узаргандыктан катышуучулардын саны 330 миң адамга өсөт", — деди Базарбаев.

Кыргызстандагы Россиянын элчиси Андрей Крутько долбоордун экономикалык таасири жөнүндө айтып берди.

"572 чакырым ирригациялык тармак калыбына келтирилип, 47 миң гектар айыл-чарба аймактары ишке берилди, ар бир катышуучу 225 килограмм байытылган ун жана 20 литр өсүмдүк майын алды", — деп кабарлайт элчи.

Базарбаевдин айтуусунда, бул долбоор 2018-жылы аяктап, жаңы программа 2018-2022-жылдары башталмакчы.

ЮНИСЕФ логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ: КРде балдар өлүмү азайып, билим алуу жеткиликтүү болуп калды
"Анын суммасы 45 миллион долларга жетет. Анын 25 миллионун Россия каржылайт. Долбоор азык-түлүк жагынан гана жардамды камсыздабастан, биз кайра иштеп чыгарууга майда цехтерди курууга да көмөк көрсөтөбүз. Сүйлөшүүлөргө ылайык, Россия жылына 5 миллиондон каражат бөлүп турат", — деди министр.

Элчи Крутько Кыргызстан Россия үчүн региондогу негизги өнөктөш экендигин белгиледи. РФ — Кыргызстандын эң ири донору болуп саналат:  2008-жылдан баштап БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Россия тараптан 50 миллиондон ашык каражат бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0