Россия 114 миң окуучуну ысык тамак менен камсыздоого жардам берет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектеп ашканасындагы окуучу. Архив
Мектеп ашканасындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россиянын каржылык колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 60 миңге чукул окуучуну камтыган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын каржылык көмөгү менен келерки жылдан тарта Кыргызстандагы 114 миң окуучу ысык тамак менен камсыз болорун РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча акыркы үч жылдан бери Кыргызстан Россиянын каржылоосу менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасын ишке ашырып, мектептеги тамак берүүнү жакшыртууну ишке ашырууда. Учурда сынамык программанын негизинде 261 мектептеги 62 миң окуучуга ысык тамак берилүүдө.

"Кийинки жылдан тарта дагы 109 мектеп аталган программага кошулат. Ысык тамак менен камсыздалган окуучулардын саны 114 миңге чейин жогорулайт", — деди Крутько.

Анын айтымында, тамак бышыруучу жабдуулар Россиядан алып келинип, РФтин байытылган ундары колдонулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2013-жылы эле 12 миллион доллар бөлүнгөн.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Рам Сараванамутту акча бөлүнгөндүктөн бул иштер жасалганын кошумчалап, каржылоо улантыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0