Кыргызстан белгилүү саякатчынын рейтингинде алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

© Фото / Геннадий ЗакировКыргызстандын тоолорундагы туристтер. Архив
Кыргызстандын тоолорундагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Норвегиялык Гуннар Гарфорс 17 жашынан бери саякаттап келет. 37 жаш курагында дүйнөнүн 198 мамлекетинде болуп рекорд жараткан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ааламды түгөл кыдырып чыккан норвегиялык саякатчы Гуннар Гарфорс бир келип көрүп кетүү үчүн сунуштаган 12 өлкөнүн ичине Кыргызстан да кирген.

Театральное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жаманкулов: Кырчындагы иш-чараларга 40 миңден ашуун адам күбө болду
Саякатчынын өздүк рейтингин британиялык The Independent басылмасы жарыялаган.

Графорс 37 жашында дүйнөнүн 198 өлкөсүн кыдырып чыгып, рекорд жараткан. 

Саякатчынын тизмесинде биринчини "дракуланын мекени" — Румыния ээлеген. Андан соң ажайып Мадагаскар, кийинкиде ысык булактары бар Исландия турат. Төртүнчү орунду ээлеген Вьетнамдан кийин эле Кыргызстан сунушталат.

"Ажайып жаратылыш менен базарларына сөз жетпейт. Эли ачык-айрым, меймандос келет", — дейт Кыргызстан тууралуу саякатчы.

Ажайып Кыргызстан: Абшыр-Ата шаркыратмасы - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: Абшыр-Ата шаркыратмасы
Кыргызстандан кийин тизмеде Кирибати, Жаңы Зеландия, Никарагуа, Сьерра-Леоне жана Доминикан Республикасы жайгашкан. Гарфорс өзүнүн мекени Норвегияны да унутпайт. Ал эми тизмени Уругвай мамлекети жыйынтыктаган.

Гарфорс 17 жашынан бери саякаттап келет. 2014-жылы бир күндө 19 өлкөнү көрүп чыгууга жетишип, дүйнөлүк рекорд жараткан. Мындан тышкары, Гиннес китебине аалам кезген эң жаш саякатчы катары да кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0