Ошто Курман айтка карата таксисттер элди бекер ташып жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваКурман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат
Курман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10го чукул автоунаа ээлери Курман айттын урматына шаардыктарды бекер ташууну чечкен. Мындай жакшы иш былтыр да болгон.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Курман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат. Бул туурасында анын уюштуруучусу Талант Канатбек уулу кабарлады.

© Фото / Зульфия ТургуноваКурман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат
Курман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Курман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат
© Фото / Зульфия ТургуноваМындай жакшы иш былтыр, 2015-жылы да болгон, уюштуруучулар аталган акцияны жылына өткөрүп турууга ниеттенип жатышат.
Мындай жакшы иш былтыр, 2015-жылы да болгон, уюштуруучулар аталган акцияны жылына өткөрүп турууга ниеттенип жатышат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мындай жакшы иш былтыр, 2015-жылы да болгон, уюштуруучулар аталган акцияны жылына өткөрүп турууга ниеттенип жатышат.
1/2
Курман айттын урматына Ош шаарында “Бекер такси” акциясынын алкагында элди акысыз ташып жатышат
2/2
Мындай жакшы иш былтыр, 2015-жылы да болгон, уюштуруучулар аталган акцияны жылына өткөрүп турууга ниеттенип жатышат.

Мындай жакшы иш былтыр, 2015-жылы да болгон.

"Быйыл ал жакшы ишти улантууну чечип, майрамдын урматына ары-бери каттагандарды бекер жеткирип жатабыз. Эгерде былтыр мындай сунушка 4 айдоочу макул болсо, быйыл алардын саны 10го жетти. Мындан сырткары дагы эки маршруттук такси иштеп жатат", — деди Канатбек уулу.

Ал Ош шаарынын бир катар жашоочуларынын ичинен бул акцияга шектенүү менен мамиле кылгандар да болгондугун айтты. Буга карабастан, уюштуруучулар аталган акцияны жылына өткөрүп турууга ниеттенип жатышат.

Бүгүн кыргызстандыктар айт майрамын белгилеп жатат, мындан улам өлкөдө эс алуу деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0