Айт намазга Сооронбай Жээнбеков да катышат

Жазылуу
12-сентябрда Эски аянтта эртең мененки саат 8.00дө майрамдык айт намазы окулат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Эртең өтө турган айт намазга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катыша турганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда өкмөт башчы президенттин куттуктоосун окуйт.

"Премьер-министр жалпы кыргыз элин президенттин жана өзүнүн атынан куттуктап, айт намазга катышат", — деди ал.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда Эски аянтта эртең менен саат 06.30 дан 07.30га чейин аалымдар шарият боюнча насыйкаттарды айтышат. Ал эми айт намаз саат 08.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0