Шаардык милиция Курман айт күнү жарандарды сак болууга чакырат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМайрамдык айт намаздын катышуучулары. Архив
Майрамдык айт намаздын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИБи эгерде бул күнү кооптуу адамдар кездешсе, дароо милицияга кабарлоо керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Шаардык милиция тургундарды Курман айт күнү сак болууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди. 

Эске сала кетсек, быйыл Курман айт майрамы 12-сентябрга белгиленип, айт намаз эски аянтта окулат. 

"Курман айт күнү травматикалык жана газ куралдарын, бычактарды алып жүрүүгө тыюу салынат. Бул кадам жарандардын коопсуздугу үчүн жасалууда", — деп айтылат маалыматта. 

Шаардык милиция кооптуу адамдар тууралуу маалымат болсо, дароо билдирүүнү өтүнөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0