Мухамед пайгамбардын Меккедеги музейинен сүрөт баян

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган тарыхый жерлердин бири "Ассаламу алайка Айюха Аннаби" музейинин макети
Мекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган тарыхый жерлердин бири Ассаламу алайка Айюха Аннаби музейинин макети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган музейде 14 кылым мурдагы буюмдардын сакталып келе жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган тарыхый жерлердин бири "Ассаламу алайка Айюха Аннаби" музейинен жасалган сүрөт репортажды окурмандарга тартуулайбыз.

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган "Ассаламу алайка Айюха Аннаби" музейи
Мекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган Ассаламу алайка Айюха Аннаби музейи - Sputnik Кыргызстан
1/5
Мекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган "Ассаламу алайка Айюха Аннаби" музейи
© Фото / пресс-служба ДУМК КРМакеттер VII кылымдагыдай чеберчилик менен жасалгандыктан, ошол доорго кайтып баргандай маанайга туш болот
Макеттер VII кылымдагыдай чеберчилик менен жасалгандыктан, ошол доорго кайтып баргандай маанайга туш болот - Sputnik Кыргызстан
2/5
Макеттер VII кылымдагыдай чеберчилик менен жасалгандыктан, ошол доорго кайтып баргандай маанайга туш болот
© Фото / пресс-служба ДУМК КРӨтө чоң тарыхый бул музейде Мухаммед пайгамбардын кийимдери, колдонго идиштерине чейин коюлган
Өтө чоң тарыхый бул музейде Мухаммед пайгамбардын кийимдери, колдонго идиштерине чейин коюлган - Sputnik Кыргызстан
3/5
Өтө чоң тарыхый бул музейде Мухаммед пайгамбардын кийимдери, колдонго идиштерине чейин коюлган
© Фото / пресс-служба ДУМК КРМузейдеги экспонаттар
Музейдеги экспонаттар - Sputnik Кыргызстан
4/5
Музейдеги экспонаттар
© Фото / пресс-служба ДУМК КРБул музейде үч мерчемдүү (3D) макеттер орнотулган. Сенсердик экрандан тарыхты баяндаган сүрөттөрдү барактап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн
Бул музейде үч мерчемдүү (3D) макеттер орнотулган. Сенсердик экрандан тарыхты баяндаган сүрөттөрдү барактап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн - Sputnik Кыргызстан
5/5
Бул музейде үч мерчемдүү (3D) макеттер орнотулган. Сенсердик экрандан тарыхты баяндаган сүрөттөрдү барактап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн
1/5
Мекке шаарындагы Мухамед пайгамбардын басып өткөн жолун чагылдырган "Ассаламу алайка Айюха Аннаби" музейи
2/5
Макеттер VII кылымдагыдай чеберчилик менен жасалгандыктан, ошол доорго кайтып баргандай маанайга туш болот
3/5
Өтө чоң тарыхый бул музейде Мухаммед пайгамбардын кийимдери, колдонго идиштерине чейин коюлган
4/5
Музейдеги экспонаттар
5/5
Бул музейде үч мерчемдүү (3D) макеттер орнотулган. Сенсердик экрандан тарыхты баяндаган сүрөттөрдү барактап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн

Бул музейде пайгамбардын өмүр таржымалы, басып өткөн жолу, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрү жана эски Харам мечити, VII кылымдагы үйлөр жана Пайгамбардын Меккеден Мединага сапар алган түйшүктүү жолун камтыган үч мерчемдүү (3D) макеттер камтылган. Бул ири тарыхый музейде Мухаммед пайгамбардын кийимдери, зооттору, куралдары, колдонгон идиштерине чейин, ал тургай кол жазмалары да коюлган.

Кыргызстандан барган зыяратчылар да бул жерди көрүп, таасирленгенин байкоо кыйынга турган жок.

"Биз кайрадан VII кылымга түрүлүп, кайтып баргандай болдук", — деди бул сапарда жүргөн муфтияттын өкүлдөрү жана зыяратчылар.

Аталган музейде 14 кылым мурдагы буюмдардын сакталып келе жаткандыгын көрүүгө болот. 

"VII кылымдагыдай макеттер чеберчилик менен жасалгандыктан, ошол доорго алып барып коет экен. Сүрөттөрдө картиналар караңгы жерде илинип турат. Ага жакындап барганда сезимтал экрандар экенин байкоого болот. Сенсердик экрандан тарыхты баяндаган сүрөттөрдү барактап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүптүр", — деди зыяратчылардын бири.

Бүткүл дүйнөгө белгилүү бул тарыхый музейди доктор Наср Нахрайн түптөгөн деп айтып келишет. Ал пайгамбардын басып өткөн жолун өмүрүнүн акырына чейин жазып калтырууга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0