Нурлан Насип: ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлоном

© SputnikАтактуу эстрада ырчысы Нурлан Насип
Атактуу эстрада ырчысы Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Гүлдана Талантбекова жылдыздардын атактуулукту көпкө кармап туруусунун сыры жана аны жоготуп алуунун коркунучу кандай болорун билип көрдү.

Бул ирет чыгармасын жаш-кары дебей тыңдаган, өзгөчө жаш балдардын сүймөнчүгү Нурлан Насипти кепке тарттык.

— Азыр сиз чыгармачыл доорду татыктуу сүрүп жаткандайсыз. Сизге анын таасири байкалып жатабы?

— Мен ар дайым өзүмдү эл ичинде чектен ашырбай алып жүргөнгө аракет кылам. Анткени чыгармачыл адам канчалык алдыга жылган сайын айланадагыларга башкача көрүнүшү мүмкүн. Мен азыр кандай болсом жан дүйнөм деле ошондой. Досторум "сенде өзгөрүү деле болгон жок" деп айтып калышат. 

— Кере-кере дем алып сейил бактарды аралап, Ош базар менен Дордойду түрө кыдырып кийинбей калганыңызга көп болсо керек?

КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев: Айсулууга арналган ыр бир түндө жазылып бүттү
— Көп убакыт болду. Кээде буулугуп, ошондой күндөрдү сагынып кетем. Кичине кезимен эле ээн-эркин жүргөндү жактырам. Таанылгандан кийин деле базар аралап, маршруткага түшүп жүрө берчүмүн. Артыңдан ар кандай сөздөр айтылат экен. Анан өзүң эле андай жерлерде жүрө албай калат экенсиң. Бирок кээде бутиктерден таппай калган кийимдерди көз айнек тагынып алып Дордойдон сатып алам (күлүп). Кечээ жакында эле клип тартаарда тандоо көп деп базарга барып келдим.

— Сиз көз айнекти катары менен тагынып барсаңыз деле таанылып калсаңыз керек? 

— Байкап калган сатуучулар кийимдерин дароо кымбаттатып жиберишет. Айрымдар кызыгып сүрөткө түшүп, алганыңды белек кылып же баасын түшүрүп берген учурлар көп кездешет.

© SputnikНурлан Насип: күйөрмандарым билдирүүлөрүн жеке баракчаларга жазат. Жолукканда жаныңа келип кучактап, сүйүүсүн билдирип сүрөткө түшүшөт. Мен да аларга жылуу оюмду билгизем. Анан эгер мен ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлонуп калам
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: күйөрмандарым билдирүүлөрүн жеке баракчаларга жазат. Жолукканда жаныңа келип кучактап, сүйүүсүн билдирип сүрөткө түшүшөт. Мен да аларга жылуу оюмду билгизем. Анан эгер мен ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлонуп калам

— Убакыт өткөн сайын кумир менен күйөрмандын ортосундагы тенденция өзгөрүп барат. Кээде ушунчалык ашынган күйөрманыңыз бир селфиге ыраазы болуп калса, капаланбайсызбы?

— Мен жаңы чыгып жүргөндө кулачтаган каттарды алчумун. Азыр жакшы көргөн жылдызыңдын жеке жашоосун социалдык тармактан эле көрүп алсаң болот. Замандын талабы ушундай экен. Бул деле жакшы. Азыр күйөрмандарым билдирүүлөрүн жеке баракчаларга жазат. Жолукканда жаныңа келип кучактап, сүйүүсүн билдирип сүрөткө түшүшөт. Мен да аларга жылуу оюмду билгизем. Анан эгер мен ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлонуп калам. 

— Азыр сиз кайсы бир деңгээлде бийиктикте турасыз. Атактуулугуңузду жоготуп алуудан коркпойсузбу?

Креативдүү теле алып баруучусу Эркин Рыскулбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркин Рыскулбеков: малина да тергем, тигүү цехинде да иштегем
— Мага ал нерсе көп деле билинбейт. Кандай жүрсөм ошондой эле жүргөнгө аракет жасайм. Ар бир адам атактуулуктун үстүндө жүрүшү үчүн дайыма изденүүдө болушу керек. Элди угуп иштесең артта калбайсың деп ойлойм. Маселен Бек Борбиев замандын талабына ылайык ырларды жаратып эл оозунан түшпөй келет. Бирок чыгармачылыкты эч качан экинчи жумуш катары кабыл албашың керек. Айрым учурларда үй-шартына, жеке жашоосуна байланыштуу же адам сынып калганда чыгармачылык менен коштошуп калышы мүмкүн.

— Аудиторияны дагы да кеңейтүү максатында башка тилдерде ырдап чыгуу оюңузда жокпу?

— Убакыттын өтүшү менен болот. Бирок эмнегедир жүрөгүм кыргызча ырларга жакын. Башка чет мамлекеттерге да таанылайын деген кыялым бар. Биздин кыргызча ырлар чет мамлекетке хит болуп чыгарына ишенем.

— Чет элдик сынактарга катышайын деген оюңуз бар болсо керек?

— Мурун каалоом күч эле. Убакыт өткөн сайын сынакка катышуудан коркот экенсиң. Анткени атың чыгып калгандан кийин мыкты даярданып катышпасаң болбойт. Жан дүйнөм назик. Эгер утулуу ызасын тартып калсам андан "айыгуу" кыйын болуп калышы ыктымал. 

— Эл адамы катары келбетиңизге кантип кам көрөсүз? Албетте чачты түрлөп кыркып, сакал-мурутту аласыз. Бирок бул кам көрүүнүн классикалык ыкмасы. Коррекция, пиллинг дегендей?

— Эркек киши негизи спорт менен машыгышы керек. Мен көптөн бери спорт залга бара албай жүрөм. Жайкысын аллергия боло бергендиктен маанайым көп жерден сууй берет. Анан эми той, концерттерге барарда атайын салондорго чач кырктырганга эле киребиз. Фотосесия кыларда бети-башыма грим коюлат. Ашыкча боёнуп, кашымды коррекциялаткан учурлар болгон эмес. Кудай берген өң-келбетке ыраазы болуп жүрөбүз.

— Бир жолу телепрограммага барганыңызда тишиңизге байланыныштуу куйкум тамашалар айтылды эле. Сиз капа болгон жоксузбу?

— Эми бул нерсеге деле көнүп калдым (күлүп). Ооба, менин тишим чоң жана аралары ачык болгондуктан ар нерсеге окшоштурушат. Өткөндө тамашоуга барсам ал жактагылар тамаша иретинде тийишип жатышты. Анын баарын, албетте, туура кабыл алам. 

© SputnikНурлан Насип: үйдөгү гардеробумду карындашым тейлейт. Мен чекесинен кийип турам. Формаларымдын баары сакталуу. Ар бири өзүнчө тарых. Кээде теле-радиолорго барганымда күйөрмандарга ырымдап белек кылып бермей жайым бар
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: үйдөгү гардеробумду карындашым тейлейт. Мен чекесинен кийип турам. Формаларымдын баары сакталуу. Ар бири өзүнчө тарых. Кээде теле-радиолорго барганымда күйөрмандарга ырымдап белек кылып бермей жайым бар

— Азыр күз келип, той-топур көп. Сүйгөн ырчыңдын талантына ошол жактан күбө боло аласың. Анын үстүнө ырчыларыбыз да той вариантындагы ырларга өтүп алышты окшойт?

— Кошулам. Анткени элдин талабы ошондой болуп жатпайбы. Ар кандай тематикадагы ырларды жаздырып көрдүк. Бирок эл ал чыгарманы көп укпастан, шаңдуу ырларга басым жасайт. Анан "заманың түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү болгонго" туура келет экен. Биздин киреше тапкан булагыбыз — тойлор. Байкап отурсам, коңшу мамлекеттерде да ушундай көрүнүш бар экен. Айылдарга концерт койсоң ашып кетсе 100 сом, райондордо 250 сом. Ошончо чыгым менен баргандан кийин эмгегиң акталбай калат. Тойдо баары жеңил. Анан ошол нерсеге ыктап алдык окшойт. 

— Гардеробуңуз концерттик кийимдерге толсо керек. Сиз аларды сактайсызбы же инилериңиз менен бөлүшөсүзбү?

— Үйдөгү гардеробумду карындашым тейлейт. Мен чекесинен кийип турам. Формаларымдын баары сакталуу. Ар бири өзүнчө тарых. Кээде теле-радиолорго барганымда күйөрмандарга ырымдап белек кылып бермей жайым бар. Болбосо баарын сактап келем. 

— Кандай гана ыр чыгарбаңыз, көбү хитке айланат. Себеби эмнеде? Башка ырчылардан эмне менен айырмаланам деп ойлойсуз?

Эстрада-фольклордук ырчы Самара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Самара Каримова: кээ бир тойлорду көрүп оозум ачылат
— Ар бир адамдын кийинүү жана ырдоо стили, элге жаккан манерасы болот. Кээ бир адамдар ырчылардын жүрүм-турумуна карап баа берет экен. Мени кээде чоң эжелер "ии ушул бала жагат, жөнөкөйлүктөн жазба" деп баласындай кучактап бетимен өбүшөт. Айрымдары ырларымды жактырышат. Анан мени кичинекей балдар көргөн жерден карыш жылдырышпайт. Ырчылар ошон үчүн өнөрпоз болуудан мурун адамгерчиликтүү болушу керек деп ойлойм. Ырды хит кылган — эл. 

— Той, концерт, ызы-чуу… уктап эс алуу… анын ортосунда журналисттерге интервью бермей. Бул көнүмүш нерселердин кайталана берүүсүнөн тажаган жоксузбу? 

— Туура айтасыз. Булар көнүмүш адат болгону менен кээде тажатып жиберет. Сүйүктүү жумушуң болгондон кийин кайдыгер карабаганга аракет жасайсың. Радиого барсаң "сүйлөшкөн кызың барбы, жети атаңызды, гимнди билесизби" деген суроолорду көп беришет. Алардан тажабай жоопторун жаңылап бергенге аракет жасайм. Сиз айткандай күнүмдүк жашоодон тажай берип, акыркы күндөрү телефон, бардык байланыштарды өчүрүп тынч жерде эс алып келсем деген ойлор келет. Былтыр Дубайга барам деген планым ишке ашпай калган. Буюрса быйыл ошол жакты мээлеп атам. Буга чейин чыгармачылык менен Америка, Германия, Малайзия, Кытай, Россиянын көп жерлеринде эс алдым. 

— Эмне тууралуу кыялданасыз?

— Акыркы учурларда мени ойлондурган бир нерсе бар. Эркек киши эки нерседен жаңылбашы керек экен. Бири туура тандаган кесип, экинчиси жубайың деп айтылат. Келечектеги жубайым менин кыялымдагыдай болсо дейм. Чыгармачылыкта болушум да аялдан көз каранды. Ал кандай гана чөйрөдөн болбосун, мени ар тараптан колдоп, дем-күч бергени маанилүү. Анан турмуштун ысык-суугунда бирге болсо дейм. Азыр келечектеги жубайым тууралуу көп кыялданчу болдум.

Жаңылыктар түрмөгү
0