Муфтият: зыяратчылардын ден-соолугу тыкыр көзөмөлдө

© REUTERS / AHMED JADALLAHКааба мечитиндеги зыяратчылар, Мекке. Архив
Кааба мечитиндеги зыяратчылар, Мекке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, баасы 2600 долларды түздү.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ажылардын саламаттыгы тыкыр көзөмөлдөнүп, дарыгерлер 24 саат бою иш алып барууда. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу боюнча Мекке шаарындагы штаб кызматкерлеринин жыйынында медицина илимдеринин кандидаты Алмаз Арбышев билдирди.

Сауд аравиядагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясына миллиондон ашуун зыяратчы келди
Эскерте кетсек, учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген зыяратчылар Мекке шаарында ажылык парзын өтөп жатышат. Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, баасы 2600 долларды түздү.

Арбышевдин айтымында, Мекке шаарындагы медпунктарда иш алып барып жаткан дарыгерлер тынымсыз иштеп, ооруп калгандарын дарылашууда. Ошондой эле ажылар дары-дармектер менен толук камсыздалып, кеп-кеңештер берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0