Жакшылык жерде калбайт. Камчаткадагы кыргызстандыктардын эрдиги

Жазылуу
21-августта үч кыргызстандык Камчаткада 14 жаштагы өспүрүмдү куткарабыз деп өздөрү да жабыркашкан. Жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнөн кыргызстандыктарды бекер дарылоону талап кылып, сыйлык берүү керектигин бир ооздон айтышууда.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Көңүл коштук, текеберлик жана өзүмчүлдүктү илгертен бери эле коом терс кабыл алып келген.

© Фото / Тамара МоскалАжалдан калган 14 жаштагы Антон
Ажалдан калган 14 жаштагы Антон - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ажалдан калган 14 жаштагы Антон
© Фото / Анатолий ОнотолькоКамчатка крайында 14 жаштагы өспүрүмдү сактоого катышкан кыргызстандык Казимжон Адилов
Камчатка крайында 14 жаштагы өспүрүмдү сактоого катышкан кыргызстандык Казимжон Адилов - Sputnik Кыргызстан
2/4
Камчатка крайында 14 жаштагы өспүрүмдү сактоого катышкан кыргызстандык Казимжон Адилов
© Фото / Анатолий ОнотолькоЭрдик көрсөткөндөрдүн бири Махамаджон Шералиев
Эрдик көрсөткөндөрдүн бири Махамаджон Шералиевй - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эрдик көрсөткөндөрдүн бири Махамаджон Шералиев
© Фото / Анатолий ОнотолькоКыргызстандык Саибжан Турсумуратов
Кыргызстандык Саибжан Турсумуратов - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кыргызстандык Саибжан Турсумуратов
1/4
Ажалдан калган 14 жаштагы Антон
2/4
Камчатка крайында 14 жаштагы өспүрүмдү сактоого катышкан кыргызстандык Казимжон Адилов
3/4
Эрдик көрсөткөндөрдүн бири Махамаджон Шералиев
4/4
Кыргызстандык Саибжан Турсумуратов

Бирок уучубуз башканын кайгысына кайдыгер карабаган, берешен кишилерден дагы куру эмес. Өз өмүрүн тобокелге салып, башкаларга жардам берген кишилердин аракеттери жүрөк жибитип, адамгерчилик кандай болгон учурда да керек экенин айгинелеп турат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Камчаткада өз өмүрүн тобокелге салып мектеп окуучусун куткарган кыргызстандыктарга жалпы эл ыраазычылык айтып, аларды колдогон таасирлүү окуянын чоо-жайын билип көрдү. Жергиликтүү тургундар биздин мекендештерди бекер дарылап, аларга сыйлык берүү керектигин бир ооздон айтып жатышат.

ТИМ маалымдайт

Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай
Шейшемби күнү КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 14 жаштагы окуучуну куткарып калган үч кыргызстандык 21-августта Камчатканын Елизово шаарындагы ооруканага жаткырылганын билдирген.

КР жарандарынын иске ууланганы айтылган. Экөө ооруканадан чыкса, бирөө дагы деле дарыланып жатканы маалымдалды.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү тургундарга жана Камчатка крайынын мамлекеттик органдарына кайрылды.

Жанды оозго тиштеп…

Окуя 21-августта болжол менен түш ченде болгон. Жергиликтүү тургун Елена Никонованын айтымында, анын 66 жаштагы энеси Елизово районундагы үйүнүн жер төлөсүн белгисиз каражат менен дезинфекциялаган.

"Ал жер төлөнү ачкандан кийин эсин жоготуп койгон. 14 жаштагы балам Антон коңшунукуна чуркап барып, Тез жардам чакырууну суранган. Чоң энесин чыгарам деп аракет кылып жатып, ал да эсин жоготуптур. Кошунабыз жардам бергиле деп башкаларды чакырган. Анын суранычына үч кыргызстандык чуркап келген. 26 жаштагы Казимжон Адилов менен 48 жаштагы Махамаджон Шералиев жер төлөгө түшүп, баламды алып чыккандан кийин өздөрү эсин жоготушуптур", — дейт ал.

44 жаштагы кыргызстандык Саибжан Турсумуратов баланы кошуналардыкына алып барып, келип калган Тез жардам менен жер төлөдө калгандарды куткарууга шашкан. Бирок коңшулар ӨКМдин кызматкерлери келгенге чейин аны ууланган бөлмөгө киргизишкен эмес.

"Ал (Турсумуратов) Тез жардам кызматы менен кетүүдөн баш тартты, бирок биз "бар" деп туруп алдык. Машинадан ал да эсин жоготту, башкаларды куткарам деп жатып уулуу заттан көп дем алып алган окшойт", — дейт Никонова.

Куткаруу кызматы келип, жер төлөдө калгандардын баарын чыгарган.

Окуянын кесепетинен мектеп окуучусу жана үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган. Бирок кемпирдин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Кыргызстандыктардын ал-абалы

Турсумуратовдун абалы жакшы болгондуктан, аны ооруканадан чыгарышты. Көңүлдү өйүткөнү —иске толгон жер төлөдө эс-учун жоготуп калган Шералиев менен Адиловдун абалы болду. Жергиликтүүлөр эки кыргызстындыктын тең зарыл болгон медициналык жардамды алып, дарыланышын талап кылышты. Маселен, Никоновдордун кошунасы 70 жаштагы пенсионер Людмила Андреева биринчи күндөн тарта эле жаны тынбай жергиликтүү бийлик менен аймактын саламаттык сактоо системасына кайрыла баштады. Ал кыргызстандыктарды көптөн бери жакшы жагынан гана билерин айтты. 

Патрулдук милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиционерлер агып бара жаткан адамды сактап калышты
"Баарына жардам берип, бутуна тургузду. Биз аларга кайдыгер карай албайбыз, сонун балдар, алар коңшубузду сактап калууга жан далбас кылышты. Чынын айтайын, биз бул балдарды таштап сала албайбыз. Бекер дарыланышы керек, жакшылап кароо зарыл деп ызылдап баштадым. Биринчиден, алар чет жактан келгендер; экинчиден доктурларды билесиңер да, эптеп дарылап, анан чыгарып жиберишет. Бул жерде аларды жакшылап айыктырып туруп, анан үйүнө чыгаруу керек деген маселе көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги менен жергиликтүү бийлик баары бекер болот деп убада кылышты", — деди Андреева.

Пенсионер Махамаджон Шералиев алгач жакшы болуп, үйүнө чыкканын, бирок абалы кайра начарлап, тагыраагы көзү көрбөй баштаганын айтып берди. Андыктан жашоочулар кыргызстандыкты кайрадан ооруканага жаткырууну талап кылып, андан улам ал 5-сентябрда неврологиялык бөлүмгө жайгаштырылган.

Андреев бизге төмөнкүлөрдү кошумчалады: 

"Казимжон Адиловдун абалы алгачкы күндөрү оор болучу, азыр неврологияда жатат. Ага кашыктап тамак берип, колунан жетелеп жүрүштү. Бүгүн ооруканага барып, абалын билип, шире жана жашылча-жемиш алып барып бердим. Жакшы болуп калыптыр, мени таанып, кучактап, бетимден өөп, менин ден-соолугумду сурап жүрөт. Өзүм жакшы элемин деп коет. "Нормально" дебе. Кайсыл жериң ооруп жатат, жашырба, дарыгерлерге айталы. Жаның кыйналып жатса да, баары жакшы дейсиң да деп уруштум", — деди ал.

Елизов райондук ооруканасынын башкы дарыгери Андрей Стружкин кыргызстандыктардын бирөөсү дарыланууга муктаж эместигин айтты. Шералиевдин абалы канааттандырарлык, кырсыктан көзүнүн айланасындагы териси күйгөнүн кошумчалады.

"Үчүнчүсүнүн, эң жашынын көзү уулангандыктан жакшы көрбөй жатат. Нерв системалары жабыркаптыр. Кичинеден өзгөрүү болуп жатат, буюрса, жакшы болуп кетет деп турабыз. Убакыт керек", — деди башкы врач.

Ал Камчатка аймагынын саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен дарылоо акысыз болуп жаткандыгын айтты. Кырсыктын себеби — күкүрт шашкалары экендиги аныкталган. Андреева бир катар дарыгелердин кылыктарына ачууланганын жашырган жок.

Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Пензада кемпирди сактап калган Беков: сүзө албай бир маалда өзүм да чөгө баштадым
"Терапия бөлүмүнүн бир катар дарыгерлери аларды үйүнө (Кыргызстанга) жөнөтүш керек деп жатпайбы. Ошол жактан мөмө-жемиш жеп реабилитациядан өтөт деп коет. Абалы мындай болсо, ушу кебетеси менен кантип жөнөтүшөт! Ойлонуп айтып жатышабы, алар өзү? Мен "дарылангандан кийин гана жөнөтөсүңөр" дедим. Жергиликтүү бийликке жаздым, алар балдар ооруканадан чыгарылбайт деп жооп беришти. Дарылагандан кийин, кудай сактасын деп үйүнө жөнөтөрүн айтышты", — деп айтып берди Андреева. 

Дагы бир активист Клавдия Белецкая Адиловду 4-сентрябрда терапия бөлүмүнөн чыгарышкандыгын айтты. 

"Анын кагазына абалы туруктуу деп жазып коюшуптур. Анын деми чыгып жатканы менен көзү көрбөйт, өз алдынча баса албайт да", — деди жини келген аял. 

6-сентябрда Адилов неврология бөлүмүнө жаткырылган. Белецкая баланы эмнеден улам кайра дарылап баштаганын билбей турганын айтты. Ал эми башкы дарыгер Адилов чыгарылгандыгын айтты. 

"Көпкө чейин жок болуп кетти. Мындай учурда нөөмөтчү дарыгер аны ооруканадан чыгарат. Кийин аны таап, кайрадан ооруканага жаткырышкан", — деди дарыгер.

Баатырлар эмне дейт

Sputnik агенттигинин редакциясы өмүрүн тобокелге салып мектеп окуучусун сактап калган кыргызстандыктар менен байланышты. Турусмуратов учурда абалы жакшы экенин билдирди.

Байэл менен аман калган Бекназар - Sputnik Кыргызстан
Наристенин өмүрүн сактап калган Байэлге акчалай сыйлык тапшырылды
"Үчөөбүз кетип баратканбыз, бир маалда бейтааныш аял чуркап келип жер төлөдөн аял менен баланы алып чыгуу керек экенин айтты. Жанымдагы эки жолдошум баланы алып чыгып, бизге өткөрүп беришти. Өздөрү кайра аялды куткаруу үчүн түшүп кетишти. Бирок газдан уламбы, эс-учун жоготуп коюшту", — деп билдирди Турусмуратов.

Ал эми ооруканада жаткан Махамаджон Шералиев азырынча окуяны айтып бере албай тургандыгын билдирди. 

Сыйлыкка татыктуу

Активисттер бир нече мамлекеттик органдарга кайрылып, мындай эрдик жасагандарды сыйлоо керек экенин айтышкан. 

"Сөзсүз түрдө сыйлаш керек. Алар россиялык баланын өмүрүн сактап жатып ден соолуктарынан айрылышты. Ишке дагы чыгыша элек. Алардын үй-бүлөсү бар да", — деп билдирди Андреева. 

Ыктыярчы Белецкая реанимациядан кийин жабырлануучулардын палатага жаткырылбай коридорго чыгарылганы ачууну келтирип жатканын айтты. Ал эми социалдык тармактарда үч кыргызстандык үчүн каражат чогултуу акциясы өтүп жатат. 

"Аларга канча керек экенин билбейм. Бирок акча эч качан ашык болбойт. Учурда 30 миң рубль чогулду. Канча чогултсак дагы ашыкча болбос", — деди Белецкая.

"Бул кандай баатырдык кадам! Мындай уулдар үчүн ыраазычылыгымды билдирип, сиздердин өлкөнүн жарандары буларды таанып калса дейм", — деп билдирди ажалдан аман калган Антондун апасы Елена Никонова. 

Губернатордун маалымат кызматынын жетекчиси Елена Стратонова билдиргендей, кыргызстандыктар учурда акысыз дарыланып жатат. Адиловду эртең башкы офтальмолог менен невролог карайт. 

"Камчатка крайынын губернаторунун тапшырмасы менен үч кыргызстандык жаранды сыйлыкка көрсөтүү тапшырмасы берилди. Адам өмүрүн сактап калганы үчүн биз абдан ыраазыбыз", — деп билдирди Стратонова. 

Ушул жыл ичинде Россиядагы кыргызстандыктар биринчи жолу эрдик крсөтүп жаткан жок. 11-февралда Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк аялдын өмүрүн сактоо үчүн жакындап калган поездге карабай секиришкен.

Ал эми Санкт-Петербургда 5-февраль күнү Кыргызстандын эки жараны эки жашар Кинан Алиевди сууга чөгүп жаткан жеринен сактап калышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0