15:51 20 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
290 0 0

Ал башынан жаракат алган. Андан сырткары, мойну жана көкүрөгүнүн эти сыйрылып кеткен.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюну учурунда жаракат алган казакстандык улакчы санитардык авиация менен Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, ал оюн учурунда аттардын тебелендисинде калып, башынан жаракат алган. Андан тышкары мойну жана көкүрөгүнүн эти сыйрылып кеткен.

"Улуттук госпиталга алып келгенден кийин текшерип, адистердин консилиуму өтүп, керектүү дарылоо дайындалган. Учурда анын абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда 989 киши медициналык жардам сураган. Кырчын жайлоосунан 488 киши жабыркаса, Чолпон-Атадагы аймактык ооруканага 38 киши кайрылган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 82 киши медициналык жардамга муктаж болгон.

"Чолпон-Атадагы ден соолукту чыңдоо комплексинен 128 киши кайрылса, ат майданда 260 кишиге медициналык жардам берилген. 16 адам ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

3-сентябрда башталган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы салынган ат майданда жыйынтыкталды. Алты күнгө созулган мелдеш учурунда 62 мамлекеттен келген спортчу улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабык деп жарыяланды
Дарыгер: көк бөрүдө аттардын алдында калган казак улакчынын баш сөөгү жабыркаган
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, КР Саламаттык сактоо министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ