Өзбекстан кармап кеткен жаранды үйүнөн туугандары башынан суу айлантып тосуп алды

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиҮңкүр-Тоо боюнча кырдаалды чек арачылардын сүйлөшүүлөрү. Архив
Үңкүр-Тоо боюнча кырдаалды чек арачылардын сүйлөшүүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" станциясынын төрт кызматкери бүгүн түнү кое берилди.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Интернет тармагында үйүнө кайтып келген Урмат Бердалиевдин видеосу таркады. Ал буга чейин Өзбекстандын милициясы тарабынан кармалып кеткен болчу. 

Бүгүн түнү Өзбекстандын милициясы тарабынан кармалып кеткен Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" станциясынын төрт кызматкери чыгарылды. Алардын катарында Урмат Бердалиев дагы бар. 

Бердалиевди үйүнүн алдынан башынан суу айлантып туугандары тосуп алды. Ал эми күч кызматкерлерине ыраазычылык айтылды. 

Белгилей кетсек, 22-августта талаш жараткан чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Корган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0