Жаманкулов: Кырчындагы иш-чараларга 40 миңден ашуун адам күбө болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатральное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Театральное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Жаманкулов Кырчын жайлоосунда этно шаарча куруу көп жылдан берки көздөгөн максат экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кырчындагы иш-чараларга 40 миңден ашуун адам күбө болду. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы менен уюштурулган маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал Кырчын жайлоосунда жети облус жана Бишек, Ош шаарларынын ордолору тигилгенин айтты. 

"Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн маданияты жана тарыхы чагылдырылды. Иш-чараларга 40 миңден ашуун көрүүчү күбө болду. Аталган жайлоодо этно шаарча куруу биздин чоң максаттарыбыздын бири болчу. Бул жакта мындан ары да маданий иш-чаралар өтө берет", — деди Жаманкулов. 

Ал этно шаарча мындан ары да көчмөндөр чогулган чоң борбор бойдон кала берерин кошумчалады. 

Эскерте кетсек, 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0