Сапар Исаков: Көчмөндөр оюндары бир гана Кыргызстанда өткөрүлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезиденттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков. Архив
Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Көчмөндөр оюндары салт боюнча Кыргызстанда өткөрүлөрүнө кубанычта экенин айтты.

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жыл сайын бир гана Кыргызстанда өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди. 

"II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жыйынтыктап жатып баарыңыздарга ыраазчылык билдирем. Пландалган иш-чаралардын баары ойдогудай болду. Көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнө жүзүнө көрсөтүлдү. Анын арты менен Кыргызстанды башка өлкөлөр жакшы жагынан көрүштү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жыл сайын бир гана Кыргызстанда өткөрүлөт", — деди Исаков. 

Ал Көчмөндөр оюндары элдин духун көтөрүп койду деген пикирин кошумчалады. 

Мындан тышкары, Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы курулган ипподромдун дүйнөлүк стандартка жооп берерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0