Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземин Sputnik Кыргызстан түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнофестиваль на ипподроме в Чолпон-Ате
Этнофестиваль на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги КТРКнын эфирин ретрансляция кылып, окурмандарына сунуштайт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын онлайн-режимде көрсөтөт.

Эл аралык иш-чара бүгүн жыйынтыкталат. Бүгүн ДКОнун алкагындагы акыркы оюндар өтүүдө. Жабылуу аземи Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда саат 20.30да башталат. Ага мамлекеттик жетекчилер менен чет элдик жана жергиликтүү ырчылар катышат. Көчмөндөр оюндарын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жабат.

Сүрөөн жана чет элдик ырчылар. Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды - Sputnik Кыргызстан
Сүрөөн жана чет элдик ырчылар. Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды
Оюндун жабылуу аземин КТРК түз эфирде берет. Анын берүүлөрүн жергиликтүү жана чет элдик ЖМКлар көрсөтөт. 

Чет жакта жашаган мекендештер Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайты аркылуу түз эфирде Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземин көрө алышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын расмий мадиаөнөктөшү болуп саналат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий жабылыш аземин Sputnik Кыргызстан түз алып берүүсүнөн көрүңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0