Көчмөндөрдүн алтын тыйындары ДКО дүкөндөрүнө сатыкка чыкты

© Фото / Рустем ИльясовДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук банк чагарган тыйын
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук банк чагарган тыйын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын дүкөнүнөн тыйындардан тышкары ушул эле композициядагы алтын куймалар да сатылууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук банк Чолпон-Ата шаарында нумизматикалык продукциялар менен алтын куймаларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда экспозицияда Улуттук банк 20 жылдын ичинде чыгарган күмүш жана алтын тыйындар камтылган. 

Театрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын "түгөйү": Көчмөндөр оюну дүйнөлүк ЖМКнын видеосунда
Көргөзмөгө коюлган экспонаттардын арасында суроо-талап күч болгон "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" аттуу тыйындар дагы бар. Мындан тышкары, "Эгемендүү Кыргызстанга 25 жыл" жана "Улуу Жибек Жолу" деп аталган күмүш тыйындар сатыкка чыгарылды. "Кыргыз каганатынын доору", Улуттук спорттун түрлөрү менен улуттук оюндар" сыяктуу бир катар тыйындар дагы көргөзмөгө коюлду. 

Улуттук банк заманбап технологияларды колдонуу менен коллекциялык тыйындарга бриллиант, Сваровски кристаллдарын кошуп чыгара алды. 

Буга чейин Алмазбек Атамбаевге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата чыгарыла турган тыйындардын дизайны көрсөтүлгөн. 1000 нускада гана чыккан тыйындар бир сутканын ичинде сатылып кетти. 

Жалпы 1995-жылдан 2016-жылга чейин 59 коллекциялык тыйындардын 12 сериясы чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0