Эбетс Муррури: Зимбабве менен Кыргызстандын жаратылышы окшош экен

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Африкалык атлет кыргызстандыктардын убакытты баалабаганы абдан таң калтырганын айтып, карды кармап көрүүгө абдан кызыгып жатканын билдирген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюнуна Зимбабведен келген Эбест Муррури анын өлкөсү Кыргызстандан көп айырмаланбай турганын айтып берди.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атада II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүп, ага 62 мамлекеттен келген спортчулар катышып жатат.

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловКөчмөндөр оюнуна Зимбабведен келген Эбест Муррури
Спортсмен из Зимбабве Эбетс Муррури, участвующий во Всемирных играх кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна Зимбабведен келген Эбест Муррури

Балбандын айтымында, ал алыш боюнча таймашта күч сынашууга келген.

"Спортчулар абдан көп экен, медаль алар-албасымды билбейм, бирок абдан аракет кылам", — деди Муррури.

Ал Кыргызстан Зимбабвеге абдан окшош экенин, мындан улам өзүн чоочун кишидей эмес, өз үйүндө жүргөндөгүдөй сезип жатканын айтты. 

"Климаты, жаратылышы, тоолору, суусу — баары абдан окшош экен. Бизде болгону кар жок, анан биякка караганда жылуураак", — деди спортчу.

Чет элдик балбан кыргыздардын тамагы абдан майлуу экенин айтып, жылкы этинен ашказаны ооруп чыкканын белгиледи.

Театрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын "түгөйү": Көчмөндөр оюну дүйнөлүк ЖМКнын видеосунда
"Этти көп жейт экенсиңер. Биз балык менен жашылча-жемишти көп пайдаланабыз. Аш абдан даамдуу экен", — деди ал. 

Муррури кыргызстандыктардын эч жакка шашпаган жай баракат жашоосу абдан таң калтырганын жашырган жок. 

"Эмнеге баарыңар кечигип, убакытты баалабайсыңар? Мен ушуну түшүнбөй койдум. Ыктыярчылар бул улуттун өзгөчөлүгү экенин айтышты. Антсе да жашоо бирөө эле да, убакытты туура пайдаланыш керек деп ойлойм", — деди спортчу. 

ДКО программасына улуттук спорттун 26 түрү кирген. Sputnik Кыргызстан агенттиги Оюндардын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0