Япониядан келген машыктыруучу: мени баары кыргыз деп ойлоп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЯпониядан келген машыктыруучу Сейко Вазаки экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш аземинде
Япониядан келген машыктыруучу Сейко Вазаки экинчи  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 62 мамлекеттен спортчулар келип, улуттук спорттун 26 түрү боюнча мелдешип жатышат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Япониядан келген машыктыруучу Сейко Вазаки чет жактан келген башка коноктор аны жергиликтүү экен деп ойлоп, жолду көрсөтүп койчу деп сурап жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловЯпониядан келген машыктыруучу Сейко Вазаки шакирти менен
Тренер по борьбе из Японии Сейко Вазаки со своим учеником - Sputnik Кыргызстан
Япониядан келген машыктыруучу Сейко Вазаки шакирти менен

Ал Хиросимадан биринчи жолу Кыргызстанга келип жатат. Япон конок иш-чара мынчалык масштабда өтөт деп эч ойлогон эмес.

"Япониядан эки гана киши келдик — мен жана жаш балбан. Бизде дзюдо аябай популярдуу, этникалык күрөштөр анча өнүккөн эмес. Эми Көчмөндөр оюндарынан кийин бул багытта иштейбиз", — деди Вазаки.

Ал эс алуу үчүн чоң ынтызарлык менен келе турганын баса белгиледи.

"Мен бул жакка үй-бүлөм менен келүүнү пландап койдум. Кыргызстанды түрө кыдыргым келет", — дейт ал.

Вазаки өлкөнүн абдан кооз жаратылышы жана меймандос эли аябай жакканын жашырган жок.

"Кыргыздар абдан ачык-айрым, шайыр-шатман эл экен. Ал эми кыздары өтө сымбаттуу жана токтоо болгону купулума толду", — дейт Вазаки.

Япониядан келген конок башка чет элдиктер аны жергиликтүү тургун деп ойлоп, андан "жолду көрсөтүп койчу" деп көп сураганын жылмаюу менен айтып берди.

Чолпон-Атада балбандар алышты. Таймаштан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада балбандар "алышты". Таймаштан алынган кадрлар
"Япондор кыргыздарга аябай окшош экен. Менин JAICA фирмасында иштеген досум генетикалык жактан биз бири-бирибизге абдан жакын экенибизди айтты. Андыктан баары алдыда, биз дагы кимоно кийген көчмөн болуп чыга келебиз. Ал эми ашкана биздикинен кескин айырмаланат. Мынчалык майлуу тамактарды жегенде кантип толуп кетпегениңер таң калдырды (күлүп). Аз эле күндө мен толуп кеттим", — дейт тамашалаган Вазаки.

3-сентябрда Ысык-Көлдө башталган көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Ага 62 мамлекеттен спортчулар келип, улуттук спорттун 26 түрү боюнча мелдешип жатышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөн оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0