ТҮРКСОЙ эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын чогуу белгилөөнү сунуштады

© Пресс-служба правительства КРПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касеинов уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечек пландары тууралуу маалымат берип, ТҮРКСОЙ түрк тилдүү мамлекеттердин көзкарандысыздыгынын 25 жылдыгын биргелешип майрамдоо демилгесин көтөрүп жаткандыгына токтолду. 

Өз кезегинде Жээнбеков эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ТҮРКСОЙдун ишин жогору баалады.

"Түркмөнстанда 2015-жылдын ноябрь айында өткөн ТҮРКСОЙ маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 23-жыйынында 2016-жылды Жусуп Баласагын жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылы Баласагындын 1000 жылдыгына арналган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенем", — деди ал.

ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0