ДКО: МАТЧ ТВ командасы ачылыш аземдеги сыйкырдуу камерасынын сырын ачты

© Sputnik / Исмаил МамытовРоссиялык "МАТЧ ТВ" телеканалы. Архив
Россиялык МАТЧ ТВ телеканалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачылыш салтанатта камералардын бирде асмандан, бирде капталдан айрым учурда жерден тартып жатканын көргөн эл түз алып берүүнү жергиликтүү канал эмес, чет элдик адистер ишке ашырып жаткандыгын дароо байкашты.

ЧОЛПОН-АТА, 7-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн келген Россиялык "МАТЧ ТВ" телеканалынын продюсери Андрей Суворов өз пикири менен бөлүштү. 

© Sputnik / Исмаил МамытовРоссиялык "МАТЧ ТВ" телеканалынын продюсери Андрей Суворов
Коллектив телеканала МАТЧ ТВ на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Россиялык "МАТЧ ТВ" телеканалынын продюсери Андрей Суворов

Эске сала кетсек, аталган канал эл аралык иш-чараны чагылдыруу атайын келген. Ачылыш аземдеги түз алып көрсөтүүнү дал ушул адистер ишке ашырган.

"Мен Кыргызстанга алгачкы жолу келдим, мага өлкөнүн жаратылышы абдан жакты. Тилекке каршы, Бишкек шаарын кенен көрө албай калдым. Бирок Чолпон-Ата шаары да кооз экен. Алдында кереметтүү көл, артында жайлоо. Ал эми Ысык-Көлдүн кереметтүүлүгүн айтууга сөз жетпейт экен. Жергиликтүү тургундардын бардык суроолорго кыйылбай жооп бергени жакты”, — деди Суворов.

Сүрөтчү Кырчында. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДКО: Кырчында шумкарды мыкты тарткан сүрөтчүлөр аныкталды
Продюссер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн “Матч ТВ” телеканалынын мыкты адистери чогулганын айтты. 

"Москва, Санкт-Петербург жана Екатеринбургдан чогулган 47 адис келди. Буларды телеканалдын курамасы десем болот. Биз Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарын, көк бөрү турнирин тартканы келгенбиз. Ачылыш аземи эл аралык Олимпиадалардын деңгээлиндей болду десем жаңылбайм. Мындан сырткары, көк бөрү оюну да укмуш таасирлерди калтырат экен. Кооптуу, ошол эле учурда бүйүр кызыткан, кай бирде күлкүлүү кадрларды тартууга болот экен”, — деди адис. 

Суворов Чолпон-Атадагы ат майдан мыкты курулганын белгиледи. 

"Мен бул жакка келерде катардагы эле ат майдан болсо керек деп ойлогом. Көрөөрүм менен оозум ачылып калды. Ичи кенен, кооз жана иштегенге ыңгайлуу салыныптыр. Суктанып бүтпөй жатам", — деди продюссер.

Ал эми ачылыш аземинде бүткүл кыргыз эли үчүн түз эфирде өзгөчө кадрларды алып берген "Рабиком" камерасы тууралуу телеканалдын инженери Богдан Денисов айтып берди. 

"Стадиондун төрт бурчунда крандар коюлуп, аларга тросстор байланган. Ал эми ошол тросстордун жардамы менен камера шамалдай болуп учуп жүрө алат. Ошондуктан кааласак асмандан, кааласак капталдан тарта беребиз. Анан да камера абдан бат кыймылдап, спорттук оюндарды эч кыйынчылыксыз көрсөтөт. Камераны пульттун жардамы менен эки адам башкарып турат. Ал эми анын сапаттуулугунда кеп жок”, — деди инженер. 

Ушул күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0