04:46 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Оорукана. Архив

Кыргызстандыктар Камчаткадагы өрттөн окуучуну сактап калышты

© Sputnik / Алексей Куденко
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18410

КРдин үч жараны иске ууланып ооруканага жаткырылды. Анын экөө үйүнө чыгарылса, бири дарыгерлердин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Камчатка крайынын Елизово шаарында 14 жаштагы окуучуну өрттөн сактап калган үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга "иске ууланган" деген диагноз коюлган.

"Бүгүнкү күндө тийиштүү медициналык жардам алгандан кийин Шералиев менен Турсумуратов ооруканадан чыгарылса, Адилов неврология бөлүмүндө дарыланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Камчатка крайынын Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарга медициналык жардам көрсөтүү маселесин тыкыр көзөмөлгө алган. 

Тема боюнча

Жогорку Кеңеш өрттөн кыргыз кыздарын куткарган Лугвинге грамота тапшырды
Белгилер:
оорукана, окуучулар, Өрт, Камчатка
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ