04:53 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ат чабыш. Архив

Ат чабышта биринчи орунду алган чабандес: буга чейин 94 унаа уткам

© Sputnik / Александр Кондратюк
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
116120

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эл аралык ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" аттуу күлүгү марага биринчи болуп келди.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ат чабышта биринчи орунду алган Жеңиш Батыркулов мээнети акталганын айтып берди.

Обладатель первого места на скачках в в рамках II Всемирных игр кочевников лошадь Ак кула и его наездник Жеңиш Батыркулов
© Sputnik / Исмаил Мамытов
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ат чабышта биринчи орунду алган Жеңиш Батыркулов "Ак кула" күлүгү менен

Эске сала кетсек, Кырчында өткөрүлгөн эл аралык ат чабыша Кыргызстан, Россия жана Казакстандан 23 күлүк катышып, Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келген.

"Мен 25 жылдан бери чабандестик менен алектенип келем. Мындан сырткары, Чолпон-Атадагы "Асанбек ата" ат заводунда саяпкермин. Буга чейин ат чабыштарга катышып, 94 унаа уткам. Бүгүн жарыш калыс өткөндүгүн айткым келет. Баарыбызга бирдей шарт түзүлдү", — деди Батыркулов.

Саяпкер бул таймашка бир айдан ашык даярданганын кошумчалады.

"Өзүм Талас жергесинен болом. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин байгесин утуп алгам. Эл аралык жарыш болгондуктан атайын Кырчын жайлоосунда бир айдан ашуун даярдандык. Буюрса, акыбетибиз кайтып отурат", — деди саяпкер. 

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Көк бөрүнүн баш байгеси үчүн кыргыз жана казак улакчылары ат салышат
Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди
Белгилер:
ат чабыш, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ