УКМК: Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу уюштургандар аныкталды

© Фото / Интернет-пользовательБишкек шаарындагы Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, теракт жасаган автоунаа Mitsubishi Delica. Видеодон алынган стоп-кадр.
Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, теракт жасаган автоунаа Mitsubishi Delica. Видеодон алынган стоп-кадр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан кечти 1983-жылы туулган Тажикстандын жараны болуп чыкты.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, теракт жасаган кишинин ким экени аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКыргызстандагы Кытай элчилигинин аймагында жардыруу уюштургандар аныкталды
Кыргызстандагы Кытай элчилигинин аймагында жардыруу уюштургандар аныкталды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргызстандагы Кытай элчилигинин аймагында жардыруу уюштургандар аныкталды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКРдин атайын кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматка таянуу менен жардыруунун артында уйгурлардын террордук тобу турганын билдирди
КРдин атайын кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматка таянуу менен жардыруунун артында уйгурлардын террордук тобу турганын билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/5
КРдин атайын кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматка таянуу менен жардыруунун артында уйгурлардын террордук тобу турганын билдирди
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКолго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКолго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСокулук районунун Ново-Павловка айылында террорчулар батирге алды делген үй
Сокулук районунун Ново-Павловка айылында террорчулар батирге алды делген үй - Sputnik Кыргызстан
5/5
Сокулук районунун Ново-Павловка айылында террорчулар батирге алды делген үй
1/5
Кыргызстандагы Кытай элчилигинин аймагында жардыруу уюштургандар аныкталды
2/5
КРдин атайын кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алынган маалыматка таянуу менен жардыруунун артында уйгурлардын террордук тобу турганын билдирди
3/5
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
4/5
Колго жасалган жарылуучу затка колдонулган каражат
5/5
Сокулук районунун Ново-Павловка айылында террорчулар батирге алды делген үй

Эскерте кетсек, 30-августта эртең менен жан кечти Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа менен Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен кыргызстандык үч жаран жаракат алган. Аталган факты боюнча УКМК Кылмыш жаза кодексинин терроризм беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө теракт уюштуруучулар аныкталган. Алар Сириянын аймагындагы уйгур террордук топтору. Булар менен "Жабхат ан Нусра" террордук уюму тыгыз байланышта. Алардын эмиссарлары "Жамаат Таухид ва Жихад" "Абу Салоха" эл аралык уюмунун башчысы аркылуу Кыргызстандагы Кытай элчилигине карата террордук акты уюштуруп, аны каржылаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы видеокамерага түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы видеокамерага түшүп калган
Бүгүн, 6-сентябрда бул аракеттери ишке ашырууга катыштыгы барлар дагы аныкталып, жан кечти Тажикстандын жараны экени билинген. Ал Сириянын аймагындагы "Чыгыш Түркестандагы Ислам кыймылы" эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон.

Андан сырткары, билдирүүдө Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну издөөгө алынганы, ал Сирияда атайын машыгуулардан өтүп, Кыргызстанга 16-июнда Тажикстандын жаранынын наамына берилген паспорт менен киргени айтылат. Ошондой эле Бишкекке келгенден кийин Сокулук районунан батирге үй алып, Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа сатып алган. Маалыматта жанкечтиге жасалма жардыруучу затты даярдоого жардам бергени кабарланат.

Кытай элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги терактыдан жабыркагандар ооруканадан чыкты
Ал 30-августта теракт болгонго бир нече саат мурун Ош — Стамбул аба каттамы боюнча 

Тажикстандын жаранына берилген паспорт менен чыгып кеткен.

Бул ишке тийиштиги бар делген беш жаран УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Ошондой эле Түркиядагы "Адал-Тур" фирмасынын өкүлү 29 жаштагы жаран издөөгө алынып, терактыны каржылоо жагын көзөмөлдөп турган деп шектелип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча учурда Стамбулда.

Андан сырткары, терактыны уюштуруучулардын катарында бар делген дагы бир жаран изделүүдө. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну. Алдын ала маалыматтар боюнча ал дагы Стамбул шаарында.

Кытай элчилигиндеги жарылуунун чоо-жайын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0