ТИМ: Кабулдагы жардыруулардан кыргызстандыктар жабыркаган жок

© REUTERS / MOHAMMAD ISMAILСпасатели и пожарные спускают по лестнице пострадавшего при взрыве в Кабуле
Спасатели и пожарные спускают по лестнице пострадавшего при взрыве в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандын борборунда бир суткада төрт жардыруу болуп, 30 адам каза тапты.

БИШКЕК, 6- сен — Sputnik. Кабулдагы жардырууда каза болгон жана жабыр тарткандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги терактыдан улам Оштун кире беришине тосмолор коюлду
Эскерте кетсек, кечээ, 5-сентябрда Кабулдун Коргоо министрлигинин жана ИИМ имаратынын жанында үч жардыруу болуп, анын кесепетинен 90 адам жаракат алып, 30 адам каза тапкан.

Афганистандагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, терактылардан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында КР жарандары жок.

Элчилик Кабулда жашаган кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0