Швейцариялык туристтер: Кыргызстан ушундай оюн өткөрө алат деп ойлогон эмеспиз

© Sputnik / Исмаил МамытовШвецариядан келген Тино Пандиани, Леони жана Жесика Тайшиндер Кырчында өтүп жаткан көчмөндөр оюндарында
Швецариядан келген Тино Пандиани, Леони жана Жесика Тайшиндер Кырчында өтүп жаткан көчмөндөр оюндарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын Көчмөндөр оюндары үчүн алыстан ат арытып келген турист кыздар кыргыз мырзалары жылдызуу экенин айтышты.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. Швецариядан келген Тино Пандиани, Леони жана Жесика Тайшиндер Кырчында өтүп жаткан көчмөндөр оюндары тууралуу пикирлери менен бөлүштү. 

Эске сала кетсек, Кырчындагы "Кыргыз айылы" этно шаарчасында маданий иш-чаралар өтүүдө.

"Биз бир тууган эжем жана досум болуп атайын Көчмөндөр оюндарына келдик. Оюндар укмуш өтүп жатат. Мага боз үйдө түнөө жакты. Швецарияга барганда сөзсүз боз үй жасатып, ошол жерде жашайм. Анан да эт жебегендиктен бир аз кыйналып жатам, анткени бул жакта тамактардын баары эле эттен экен", — деди Леони Тайшин.

Көчмөндөрдүн модасы - Sputnik Кыргызстан
Ыр-күү жана саркеч көчмөндөр. Этнофестиваль ирмемдери
Ал эми Жесика Тайшин кыргыздардын мырзалары жылдыздуу экенин айтты.

"Кыргыздардын улуттук кийимдери, маданияты абдан бай экен. Ушул бойдон токтоп калбай өнүктүрүшүңөрдү каалайм. Каада-салтыңарды башкаларга тарттырып жибербей, коргоп калгыла. Ал эми кыргыздардын меймандостугун жана жылуу кабыл алгандыгын эч качан унутпайм. Анан да кыргыз жигиттери абдан жылдыздуу экен", — деди Жесика.

Тино Пандиани болсо буга чейин өткөн оюндар менен быйылкы оюндарынын уюштуруу иштеринде асман менен жердей айырма бар экенине токтолду.

"Мен 2014-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарына катышкам. Анда деле жакшы болгон. Бирок быйылкы иш-чара мени абдан таң калтырды. Алакандай Кыргызстан мынчалык оюндарды уюштура алат деп эч ойлогон эмесмин. Көрсө, мен адашыптырмын. Көчмөндөрдүн ачылыш аземи мыкты болгондугун айткым келет", — деди Тино Пандиани.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0