09:51 25 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Боз үй тигүү.

Кырчын: боз үй тигүү боюнча Ысык-Ата командасы жаңы рекорд койду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
29610

Аталган команда 10 мүнөт 16 секундда коюлган тапшырманы аткарып, атаандаштарын артка таштаган.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында боз үй тигүү боюнча сынак өтүп, анда жаңы рекорд коюлду.

Аталган сынакка жети облустан жана Бишек, Ош шаарларынан болуп жалпысынан 33 команда катышты. 

Участник соревнований собирает юрту на джайлоо Кырчын
© Фото / Исмаил Мамытов
10 мүнөттө боз үй тигип, рекорд койгон шамдагай жигиттердин тобу. Жетекчиси — Алыбек Асангулов (оңдон биринчи)

Баарынан биринчи болуп Ысык-Ата командасы 10 мүнөт 16 секундда тапшырманы аткарып, жаңы рекорд жарата алды. 

Сынактын байге фонду 150 миң сомду түзүп, анын жүрүшүн 17 адамдан турган калыстар тобу байкап турушту. Алар текшерүүдө эч кандай кемчилик болбогонун билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейинки Көчмөндөр оюндарында өткөн боз үй тигүү боюнча сынакта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң району 17 мүнөттө тапшырманы аткарып, биринчиликти багындырган. Ал эми 2015-жылы "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалындагы рекорд 14 мүнөт 10 секунд болуп саналат.

Учурда сынак уланып жатат. Азыр калган командалар жарышууда.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Италиялык Давид Монтелеоне: Кыргызстандан кеткибиз келбей жатат
Россиялык чабандес кыз: ат чабышта бактыбызды күлүктөр чечет
Көчмөндөр оюну: Кырчын жайлоосунда ат чабыш башталды
Белгилер:
Боз үй, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ