04:56 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Учактан түшүп жаткан Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Ислам Каримовду эскерүү үчүн Самаркандга келди

© Sputnik / Алексей Никольский
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)
15610

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 3-сентябрь күнү инсульттан каза болуп, сөөгү кичи мекени Самарканд шаарына коюлган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мындан үч күн мурун көзү өткөн Ислам Каримовду эскерүү үчүн Самарканд шаарына келди.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, өлкө башчы Өзбекстанга жеке сапары менен келип, президенттин жакындарына көңүл айтууну каалаган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанды 30 жылга чукул башкарып келген президент Ислам Каримов 27-августта мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөн. Алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан Каримов 3-сентябрь күнү эртең менен дүйнө салган. Тажыясы кичи мекени Самарканд шаарында өтүп, сөөгү ата-энесинин жанына, Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлган.

Каримовдун өлүмүнөн кийин президенттин милдетин Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарып калган. Ал эми Каримовду акыркы сапарга узатуу комиссиясын премьер-министр Шавкат Миризиеев жетектеген.

Каримовдун тажыясына 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты. Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация барды.

Тема:
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)

Тема боюнча

Куба Каримовдун өлүмүнөн улам бир күндүк аза күтүү жарыялады
Чет элдик ЖКМлар Каримовдун мураскери, Орто Азиянын келечеги жөнүндө эмне дейт
Белгилер:
көңүл айтуу, Владимир Путин, Ислам Каримов, Өзбекстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ