04:54 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бала көтөргөн адам. Архив

Аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү боюнча долбоор ишке ашмай болду

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
94 0 0

Долбоордун жыйынтыгы менен аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү республика боюнча жайылтуу аракеттери көрүлөт.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ай сайын аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү камсыздоо үчүн пилоттук долбоорго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда пилоттук долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосунун негизинде ишке ашат. 

"Долбоордун узактыгы бир жылга созулуп, 2016-жылдын сентябрынан тарта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда, Чүй облусундагы Аламүдүн районунда жана Оштун Өзгөн районуна жайылат", — деп айтылат маалыматта. 

Долбоордун жыйынтыгы менен аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү республиканын жалпы аймагына жайылтуу аракеттери көрүлөт.

Тема боюнча

Өкмөт бюджет боюнча мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна киргизди
Кыргызстанда балдардын жөлөк пулу эл аралык стандарттан 4 эсе аз төлөнөт
Белгилер:
долбоорлор, жөлөк пул, өкмөт, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ