Базаргүл апа: Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келдим

© Sputnik / Исмаил МамытовКөчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келген Мамырова Базаргул
Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келген Мамырова Базаргул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамырова Базаргүл апа жасаган патир нандын салмагы 15 килограмм.

КЫРЧЫН, 4-сен. — Sputnik. Мамырова Базаргүл апа Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келди.

Ал ар бир нан өзгөчө ыкма менен жасалганын кошумчалады.

"Мен Ош шаарынан көчмөндөр оюндарына деп нандын 40 түрүн жасап келдим. Колумдагы патир нандын салмагы 15 килограмм, диаметри бир метрге жетет. Мындан сырткары пирамида нандарын жасадым", — деди Мамырова.

Кырчын жайлоосундагы этношаар - Sputnik Кыргызстан
Бүркүтчү, жаачы жана чабандестер. Кырчын жайлоосундагы этношаардан элестер
Эске сала кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда "Кыргыз айылы" этно шаарчасы тигилип, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда. Аталган иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Этно шаарчада 288 боз үй тигилген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0