Чек арага жакын жерде өзбекстандын аскерлеринин машыгуусу Үңкүр-Тоого байланышы жок

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскердик окуулар. Архив
Аскердик окуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек тарап кармап кеткен кыргызстандык жарандар бошотула элек. Алардын ишин кароо Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты ведомстводон такташкан жок.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өзбекстан эки күн мурда Кыргызстандын чек арасына жакын жерде аскерий машыгууларын баштагандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда машыгуулар өткөрүлө тургандыгы боюнча Өзбекстан тарап алдын ала кабарлаган.

"Алар машыгууларын алда качан баштаган. Бирок чек арага жакын жерде машыгып жатышканына эки күн болду. Мунун Үңкүр-Тоо маселесине тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Активисттер Үңкүр-Тоо маселесин создуктурбай тез аранын ичинде чечүүгө чакырууда
Ал ортодо Үңкүр-Тоодо кармалган кыргызстандык кызматкерлер бошотула элек. Алар бүгүнкү күнгө чейин Янгикурган ички иштер бөлүмүндө кармалып турат. Алардын ишин кароо Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты ведомстводон такташкан жок.

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0