Соцтармак: кыргыз экенине сыймыктанып, көчмөндөр олимпиадасын уюштурууга ниеттенгендер

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын президент Атамбаев салтанатуу түрдө ачты.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш деңгээли кыргыздардын, кыргызстандыктардын духун көтөрсө, чет элдиктерди таңгалтып, таасирлентти. 

Бул салтанатуу окуя туурасында оюн учурунда жана аяктары менен социалдык тармактарга арбын пикирлер жазылды. Ал тургай бир катарлары пайда болгон идеялар менен да бөлүштү.

Sputnik Кыргызстан социалдык тармактагы пикирлердин бир катарларына көз салып көрдү.

 

Оюнду чоңдор эле эмес, балдар да көргөндүгүн Кундуз Авашова аттуу колдонуучу жазып, жалпы оюнга таасирленгендигин, "Жашасын Кыргызстан! Алга көчмөндөр!!!" деген маанайда билдирген.

Ал эми Жаныбек Абидетегин аттуу жаран сыймыктангандыгын жашыра албай, уюштуруучуларга да, катышуучуларга да ыраазычылыгын айткан.

Элдин арасынан отурукташкандардын "оозун Ошту каратып", келечекте бул оюндарды – көчмөндөр олимпиадасы кылсак деп сунуштагандар да болду. Мындай пикирди Иманбек Азизилла Уулу аттуу колдонуучу жазган.

 

 

Ал эми АКШнын делегациясынын курамынын мүчөсү mondaybazaar деген аталыш менен катталган конок мындай оюнду өмүрү көрбөгөндүгүн айтыптыр.

"Мен буга чейин бир дагы ушундай таасирлүү иш-чарага катышкан эмесмин. Жашоомдогу эң толкунданган учурум болду", — деп жазыптыр.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Ага 62 өлкөнүн спортчулары келген жана оюндарды чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 487 журналисти катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0