Москвадагы өрттө кыздарды сактап калган Юрий Лугвин Көчмөндөр оюнуна чакырылды

© Фото / Юрий ЛугвинМосквада өрт учурунда кыргыз кыздарын сактап калган Юрий Лугвин. Архив
Москвада өрт учурунда кыргыз кыздарын сактап калган Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лугвин каргашалуу окуя болгон учурда эки кыргызстандык кызды сактап калууга көмөктөшкөн.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвада өрт учурунда кыргыз кыздарын сактап калган Юрий Лугвинди Кыргызстанга чакырды.

Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай
27-август күнү Москва шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты.

Лугвин Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине мындай чакырууну күтпөгөндүгүн билдирди.

"Кыргызстанга буга чейин барган эмесмин. Чакыруу күтүүсүз болду. Албетте, кубанып жатам", — деди ал.

Белгилей кетсек, Юрий Лугвин Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган. Ал эртең өлкөгө келет.

Москвадагы басмаканада чыккан өрттүн хронологиясын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0